Биздин мектепте жакшы жаңылык болду. Айыл жаштарынын ынтымагы менен спорт залыбыз 500 000(беш жүз) миң өлчөмүндөгү акчага полдонду.
Англис тилин өнүктүрүүгө бир айлык жарыяланды
Англис тилин өнүктүрүүгө арналган бир айлыкта: ачык сабактар өтүлүп , тренинг, тегерек столдор уюштурулат. Бир айлыктын жыйынтыгында активдүү катышкан окуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар берилет.
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору! Биз чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайбыз!